Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Ооганстандагы жардыруу 9 кишинин өмүрүн кыйды


Ооганстандын түндүгүндө бүгүн жан кечтинин кол салуусунан кеминде 9 киши мерт кетти. Баглан чөлкөмүнүн бийлиги курман болгондордун арасында эки полициячы бар деп билдирди. Жаназа өтүп жаткан учурда болгон жардыруудан 20 чакты киши жарадар болду.

Ушул аптада Ооганстандын жаңы бйилиги Европадагы жолугушууларда тынчтык орнотуу жана экономиканы жандантуу пландарын ортого салмакчы.

Кабул менен Мазари Шарифти байланыштырган жолдо жайгашкан Багланда акыркы жылдары коопсуздук кырдаалы кески начарлап кетти.

Маалыматтарга караганда, жан кечти Бурка районунун акимин жана башка аткаминерлерди бутага алган.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG