Тергөөчүлөр Ирактын армиясында 50 миң “өлүк жанга” маяна төлөнүп жатканын аныктады. Премьер-министр Хайдар ал-Абадинин кеңсеси 30-ноябрда төлөмдөр токтотулганын билдирди. АФП агенттиги премьердин маалымат катчысына шилтеп жазгандай, Абади бир нече аптадан бери “өлүк жандарды” аныктап, маселенин түп тамырына жетүү аракетин көрүп келатат.
Ошол аскерлердин акчасын болжолу менен коррупциялашкан офицерлер алып турган.
Атын атабаган офицердин айтымында, ошол 50 миң аскердин тизмесинде куралдуу күчтөрдөн качып кеткен же салгылашууларда набыт болгондор бар.