Орусиялык МТС мобилдик байланыш оператору эки жылдан кийин Өзбекстанда ишин кайра жандантты. МТS менен Өзбекстан биргелешип түзгөн Universal Mobile Systems (UMS) деген компания бүгүнтөн тарта ишке киришти.
2004-2012-жылдары МТSтин кардарлары 9 миллионго чамалаган. Мындан эки жыл мурун өзбек бийлиги компаниянын Өзбекстандагы бөлүмү – “Уздунробита” мыйзам бузуу үчүн айыпталганда бир катар жетекчилери камалып, лицензиясы кайтарылып алынган. "Уздунробитаны" президент Ислам Каримовдун кызы Гулнаранын жакын адамдары көзөмөлдөчү.
Жаңы компания тараптар пикир келишпестиктерин жойгондон кийин түзүлгөн. МТSке андагы акциялардын 50,01 проценти, Өзбекстан өкмөтүнө 49,99 проценти таандык.