Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Путиндин Түркиядагы сапары башталды


Орусия президенти Владимир Путин Түркияга келди. Анкарадагы сүйлөшүүлөрдүн чордонунда Сириядагы жаңжал болмокчу. Буга чейин Москва менен Анкара Украина жана Сириядагы окуялардан улам келип чыккан пикир келишпестиктер мамилелерге көлөкө түшүрбөсү үчүн аракеттенип келишти. Орусия Башар Асаддын негизги өнөктөшү бойдон кала берүүдө, ал эми түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Сирия президентинин кызматтан кетишин талап кылууда.

Анкара Орусиянын Крымды аннексиялашына каршы чыгып, жарым аралдагы крым татарларынын куугунтукталышына камтамасын билдирип келген. Путин жана Эрдоган андан тышкары, энергетика тармагындагы кызматташтыкты да талкуулашмакчы. Анкара Орусиядан алган газдын баасын арзандатууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG