Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары НАТО Европанын түндүгүндө аскердик машыгууларды өткөрүп, Балтика мамлекеттерине атомдук курал ташуучу учактарды жеткирүү менен ал жактагы абалды курчутууда деп билдирди.
Алексей Мешков Интерфакстагы маегинде муну “өтө терс” көрүнүш катары сыпаттады. Москва “Орусиянын жана өз жарандарынын коопсуздугун сактоого бар аракетин жумшоодо”, - деди орус тышкы иштер мекемесинин өкүлү.
Мешков ошол эле маалда олуттуу пикир-келишпестиктерге карабай Орусия менен НАТОнун мамилелерин оңдоого болот деп ишенээрин кошумчалады.
26-ноябрда Түндүк альянстын кол башчыларынын бири Орусия март айында аннексиялап алган Крым жарым аралына атомдук курал жөнөтүп жатканын билдирген.