Ереванда оппозициянын ондогон активисти жана колдоочулары парламент имараты алдына чогулуп, Армениянын Евразия экономикалык биримдигине киришин караган келишимди жактырбоого үндөштү. Оппозиция өкүлү Паруир Хайрикян “цивилизациялык дүйнөгө согуш жарыялаган өлкөнүн өнөктөшү болуу кабыл алынгыс” деди.
1-декабрда Армения парламенти биримдикке кошулуу келишимин талкуулай баштады. Жана ал колдоо табары болжолдонууда. Президент Серж Саркисян октябрда тиешелүү документке кол койгон. Армения Орусия, Беларус жана Казакстан кирген шеркитештикке 1-январда кириши күтүлүүдө. Бул уюмга Армения менен кошо Кыргызстан да кириши мүмкүн.