Эки жарым жылга жакын тыныгуудан соң Орусиянын МТС компаниясы Өзбекстанда кайра иштей баштады. 2012-жылдын июль айында өлкөдөн чыгарылган ишкана 1-декабрдан тарта UMS (Universal Mobile Systems) бренди менен ишке кирди. Компания офистерине сим-карта сатып алуу үчүн дүйшөмбү күнү миңдеген кишилер чогулду.
МТСтин Өзбекстандагы өкүлчүлүгү “Уздунробита” 2012-жылы салыктан качуу жана кирешени жашыруу боюнча айыпталып, ишин токтоткон. Ишкананын башкы директору Бехзод Ахмедовго эл аралык издөө жарыяланган.
Жабылганга чейин аталган компаниянын 10 миллионго жакын абоненти болгон. (SE)