Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде парламентке жалпы шайлоочулардын 10 пайыздан кем эмес добушун алган партиялар гана келиш керектигин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш үчүн 5 партия көптүк кылат.
- Дүйнөлүк практикада парламентинде 2-3 гана фракция бар өлкөлөрдө туруктуулук сакталып жатат. Бизде 5 фракция болуп, башаламандыктар орун алып жатат. Ошондуктан парламентке эң көп дегенде 4 партия гана өтүшү керек, - деди өлкө башчысы.
Президенттин демилгеси ишке ашуусу үчүн Шайлоо кодексинин өзгөртүлүшү шарт. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес жана аймактык 0,7 пайыздык босогодон өткөн партиялар парламенттен орун алган. (UEz)