Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Беш райондун акими кызматтан мыйзамсыз алынганы тастыкталды


Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу бүгүн парламенттин тиешелүү комитетинде маалымат берип жатып айтты. Анын айтымында, мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин акимдерди иштен алган буйруктары Башмыйзамга каршы келет.

- Мыйзамга ылайык, райондун акимдери жергиликтүү кеӊештердин макулдугу менен гана кызматтан бошотулууга тийиш. Башкы прокуратура бул боюнча өкмөткө тиешелүү актыларды жөнөткөн, бирок сотко тапшырылган эмес, акимдердин өздөрү да кайрылган эмес, - дейт ал.

Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылдын 12-апрелиндеги буйруктары менен Ат-Башы, Ак-Талаа, Ноокат, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун акимдерин кызматтан алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG