Демократиячыл кыймылдын үч лидери 1-декабрда полиция менен болгон кагылыштан соң бийликке багынып берүүсү тууралуу маалымдашкан. Активисттердин лидеринин бири Бенни Тайдын айтымында, алар шаршемби күнү багынып беришет. Ал бийликтин кайдыгерлигин сынга алып, күч колдонууга полиция жиберүү кажети жоктугун белгилеген.
Экс-лидерлер протестчилерге кайрылып, нараазычылыктан кайтууга чакырды. Соңку кагылышта полиция протестчилерге карата желим союлдарды, ачуу газ колдонгон.
Демонстранттардын көпчүлүгүн студенттер түзөт жана алар Бээжинден 2017-жылы өтө турган аймактагы шайлоого кийлигишүүсүн токтотууну талап кылып келет.
Август айынын аягында Кытай бийлиги Гонгконгго жергиликтүү бийликке жетекчилерди жалпы добуш берүү менен тандоо укугун берген, бирок алар көрсөткөн талапкерлер гана шайлоого катыша алат деген шарт койгон.
Жаш активисттердин демократиялык реформаларды талап кылган массалык каршылыктары сентябрдан бери уланып келет.