Кочкордун мал базары Кыргызстандагы аты чыккан соода борборлордун бири болуп саналат. Аптанын ар ишембисинде төрт түлүгүн жетелеп келген айылдыктар менен алчы-таасын жеген алып-сатарлар ортосунда соода кызыйт. Акыркы убактарда ишсиздердин көбү алып-сатарлыкка өтүп алышкан. Базардын оозунан арзан алып, төрүнө барып үстөк кошкондордун арасында аялдар да аз эмес.
Кочкор базарындагы далдалчы аялдар

1
Калипа Имакеева 10 жылдан бери эркектерден калбай алып-сатарлык менен шугулданат. Ал Ат-Башы, Жумгалга чейин барып арзан алган малын Кочкордун базарында баасын чыгарат. Айтымында бир базарда 1500 - 3000 сом табат.

2
Базардын тегерегиндеги жашоочулардын көбү тамак-аш сатып, үй-бүлөсүн багат.

3
Мал базарда минтип топоз да сатылат. Айрым учурларда төөлөр да өз кардарын издейт.

4
Базардын жалпы көрүнүшү. Мурда мал базар Кочкордун четиндеги саздак жерде жайгашса, эми минтип райондун борбордук бөлүгүнө көчүрүлгөн.

5

6
Мал базарга аралаш ашкана да жайгашкан. Малын эртелеп пулдагандар ушул жерге келип, курсактын камын көрүшөт.

7
Мал базар ишемби күнү болгондуктанбы, айтор соодага эрте аралашкан мектеп окуучулары да аз эмес.

8
Мындан мурдараак мал базарга өңчөй эркектер гана келсе, эми минтип кардар күткөн энелерди кадам сайын жолуктурууга болот.

9

10

11

12

13

14

15

16
Негизги ири кардарлар Токмок базарынан келишет. Алар малдын семизин тандап, бааны дүңүнөн бычышат. Минтип унааларга жүктөлгөн мал Токмокко, андан ары Казакстанга чейин кетет.

17

18

19

20