Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Путин: “Түштүк агым” долбоору ишке ашпай калышы мүмкүн


Орусия президенти Владимир Путин Европа биримдигинин позициясынан кийин “Түштүк агым” программасынын токтотулушу тууралуу маалымдады.

Путин 1-декабрда Анкарада Түркия президенти Эрдоган менен учарашкан соң, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Түштүк агым” ордуна Түркия жана Орусия биргелешкен түштүк Европа үчүн газ сактай турган хаб программасын ишке ашыруу мүмкүндүгүн айтты.

Ошондой эле Путин Орусия Түркияга жылына арзан баада үч миллиард куб метр газ сатууга макул болгонун билдирген.

“Түштүк агым” Кара деңиз аркылуу Болгария, Греция, Италия, Сербия, Венгрия жана Австрияга газ жеткирүү үчүн пландаштырылган программа эле.

“Газпром” соңку үч жылда “Түштүк агым” үчүн 4 миллиард 660 миллион доллар сарптаганын маалым кылган.

XS
SM
MD
LG