Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Тыңчылыкка шектелген Муралиевдин ордуна жаңы жетекчи дайындалды


Өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп Миргүл Молдоисаева дайындалды. Мындай буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койду.

Мурдагы бөлүм башчы Алтынбек Муралиев тыңчылык кылган деген кине менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына өткөн аптада камакка алынган. Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш иш козгоп, учурда тергөө иштери бүтө элек.

Алтынбек Муралиев былтыр 11-октябрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен өкмөттүн Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал аталган бөлүмдө эксперт жана ага эксперт катары иштеп келген. Ал мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу. (UEz)

XS
SM
MD
LG