Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Эл аралык соттордо өлкө кызыкчылыгын коргоого 135 миллион сом каралууда


Бүгүн Жогорку Кеңеште 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоору 2-окууда талкууланып жатат. Каржы министри Ольга Лаврованын маалыматы боюнча, келерки жылдын бюджети 102 млрд. 702 млн. сом өлчөмүндө каралууда. Чыгаша бөлүгү 117 млрд. 386 млн. сом, киреше бөлүгү 102 млрд. 702 млн. сом. Башкача айтканда келерки жылдагы бюджет тартыштыгы 14 млрд. 683 млн. сомду түзөт.

Лаврованын айтымында, быйылкы жылдын бюджетинен айлык акыларды көтөрүүгө каражат каралган эмес. Ошол эле учурда келерки жылдын бюджетинен 135 млн. сом эл аралык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого жумшалат.

2014-жылдын киреше бөлүгү 92 млрд., чыгаша бөлүгү 109 млрд. сом деп эсептелген. Бюджет тартыштыгы 17 млрд. сом болгон. (UEz)

XS
SM
MD
LG