Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:32

“Кумтөр” боюнча биргелешкен ишкана январга чейин түзүлөт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууларды аяктап калды.

- Кечээтен баштап канадалыктар менен сүйлөшүүлөр кайрадан жанданды. Кудай буюрса январга чейин Кумтөрдөн түшкөн кирешени теңме-тең бөлгөн ишкана түзүлөт. Азыр канадалыктар менен аталган келишимдеги 12 талаштуу пункт боюнча “Кыргызалтын” жана биздин юристтер иштеп жатат, - деди Сарпашев.

Президент Атамбаев 1-декабрда телеканалдарга берген маегинде “Кумтөрдү” улутташтыруудан башка жол калбаганын айтып, мындай абалга кептеген өкмөт менен парламентти катуу сындаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG