Украинанын парламенти премьер-министр Арсений Яценюктун жетектөөсүндөгү жаңы өкмөттү жактырды. Кечээ Жогорку Рададагы добуш берүүдө кабинетти 288 депутат колдоду. Мындан 5 жумадай мурда өткөн парламенттик шайлоодо батышчыл партиялар утуп чыккан.
Өткөн айдын этегинде 5 саясий партия өкмөттүк коалиция тууралуу макулдашып, ыкчам реформаларды жүргүзүүгө, өлкөнүн Европа менен интеграция багытында иш алып баруусуна убада кылышкан.
Яценюк экс-президент Виктор Янукович кызматынан кулатылгандан көп узабай, февралда өкмөт башчылыкка дайындалган.
Жаңы кабинетке бир нече чет өлкөлүк жаран киргизилди – финансы министрлигин америкалык Натали Яреско жетектемекчи. Мурда Мамлекеттик департаментте иштеп келген Яреского 2-декабрда Украинанын жарандыгы берилген.
Экономика министри кызматын литвалык банкир Айварс Абромявичус аркалайт, саламаттыкты сактоо министри болуп Грузиянын президенти Михаил Саакашвили учурунда саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген Александр Квиташвили дайындалды.