Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Обама Пентагондун жаңы башчысын тандады


АКШ администрациясынын расмий өкүлү президент Барак Обама Пентагонду жетектөөгө Эштон Картерди тандаганын билдирди. Кесиби боюнча физик, мурда коргоо министринин орун басары кызматын ээлеген 60 жаштагы Картердин дайындалышы тууралуу жакынкы күндөрдө расмий жарыяланмакчы.

Ал өткөн аптада отставкага кетээрин жарыялаган Чак Хэйгелдин ордуна келүүдө.

Картер 2009-2011-жылдары коргоо мекемесинде аскердик жабдууларды жана курал-жарак сатып алуу бөлүмүн жетектеп турган кезинде Ирактагы жана Ооганстандагы америкалык аскерлерди жол бомбаларынан коргой турган оор техниканы иштеп чыгуу иштерин тездетүүгө көмөктөшкөн.

Пентагондун башчылыгына талапкердин аскердик наамы жок.

Ал Обама администрациясынын 4-коргоо министри болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG