Брюсселде “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлерине каршы түзүлгөн коалициянын тышкы иштер министрлери жыйын курууда. 60 чакты өлкөнүн өкүлү буга чейинки жетишкендиктерди жана алдыдагы стратегияны талкуулап жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жолугушуунун алдында коалиция бул операциянын өтөсүнө чыгат деп билдирген.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер араб өлкөлөрүнүн жигердүүлүгүн айтып, алдыда дагы көп аракеттер көрүлүүгө тийиш деп белгиледи:
- Үч айда жетишилген прогресске карабай, "Ислам мамлекети" реалдуу коркунуч жаратып жатканын, бул багытта дагы көп иш жасалышы керектигин унутпоого тийишпиз. Жыйынтык чыгарып, саясий стратегиянын үстүнөн иштөө үчүн ушундай ырааттуу жолугушуулар маанилүү.
АКШ радикал уюмдун Ирактагы турумдарына алгач август айында сокку урган. Сентябрдын аягында соккулар Сирия аймагына да урула баштаган.