Венгриянын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчилигинин жогорку өкүлүн чакырып, сенатор Жон Маккейндин комментарийине нааразылыгын билдирди. Шейшембиде Конгресстин Жогорку палатасында Будапештке дайындалып жаткан жаңы элчи боюнча угуулар учурунда ал Венгриянын премьер-министри Виктор Урбанды “неофашист диктатор” деп атаган.
Тактап айтканда, сенатор “өлкө Владимир Путин менен төшөк бөлүшкөн неофашист диктаторго суверенитетин алдырганы калды” деген.
3-декабрда Венгриянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы АКШнын дипломатиялык миссиясынын жетекчисин чакыртып, мындай комментарийлер "кабыл алынгыс" деп эскертти.
Маккейн Венгрия "жагымсыз окуялар болуп жаткан өтө маанилүү өлкө, биз болсо ага элчи катары кинопродюссерди жиберип жатабыз" деп сындаган.
Бирок Сенат көпчүлүк добуш менен Коллин Беллдин талапкерлигин жактырды.