Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Кырсыктарды азайтуу маселеси талкууланат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын кооптуу аймактарында жаратылыш кырсыктарын азайтуунун жол-жоболорун коомчулуктун катышуусунда талкуулайт. Семинар 4-5-декабрь күндөрү Чүйдүн Ленин айылында, куткаруучуларды даярдоочу борбордо өтөт. Иш-чара табигый апааттарды азайтуу боюнча Кыргызстандын улуттук платформасы менен Германиянын улуттук платформасынын биргелешкен долбоору болуп саналат.

Министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстанда табигый кырсыктардын 80 пайыздан ашууну Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында орун алат.

Суу ташкыны өлкөдө эң көп катталган кырсык болуп саналат. Андан сырткары, өрт, кар көчкү жана жер титирөө тез-тез болот. (SE)

XS
SM
MD
LG