Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Лукашенко Орусияны Бажы биримдигинин эрежелерин бузду деп айыптады


Беларус президенти Александр Лукашенко өз өлкөсүндө даярдалып чыгарылган товарлардын Орусияга киргизилбей жатышын сындап, “Бажы биримдигинин талаптарын бузду”,- деп Москваны күнөөлөдү. Бул тууралуу ал 3-декабрь күнү өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Орусиянын Айыл чарба агенттиги чочко тумоосун алдын алуу максатында Беларустун 22 ишканасында чыгарыла турган эт жана сүт азыктарын импорттолушуна ноябрдын соңунда тыюу салган. Бажы биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдерди бузуп жатканын белгилеген президент муну “Орусияда бааларды кымбаттатууну каалаган көз боёмочулардын аракети” деп баалады.

Ал арада Орусиянын Айыл чарба көзөмөл агенттиги айрым товарларды алып кирүүгө уруксат берилерин, бирок текшерүү мурдагыга караганда күчөтүлөрүн маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG