Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

ЖК Бажы биримдигине байланышкан мыйзамдарды талкуулап жатат


Бүгүн Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу 8 мыйзам долбоорунан турган кезектеги топтомду экинчи окууда карап жатат.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши үчүн 110, ал эми Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулууда 18 келишим түзүлөт. Бажы биримдигине кирүүдө баш-аягы 112 ченемдик укук актылары каралса, анын 32си мыйзам болуп саналат. Кыргызстан өзүнүн улуттук мыйзамдарын Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө тийиш.

Өкмөт буга чейин Бажы биримдигине кошулуу боюнча 38 мыйзам долбоорун жана 12 ченемдик-укуктук документти иштеп чыккан. Алгачкы 16 мыйзам долбоор кабыл алынган. Спикер Асылбек Жээнбеков бардык мыйзамдар жаңы жылга чейин кабыл алынарын билдерген. (UEz)

XS
SM
MD
LG