Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Грозныйдагы атышууда кеминде тогуз киши мерт болду


Атышуу болгон имараттан кара түтүн уюлгуп чыкты. Грозный, 4-декабрь, 2014-жыл.
Атышуу болгон имараттан кара түтүн уюлгуп чыкты. Грозный, 4-декабрь, 2014-жыл.

Чечен лидери Рамзан Кадыровдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Грозныйдагы пресс-борбордун имаратын ээлеп алгандардын алтоо атышуу учурунда жок кылынды, имарат өрттүн айынан талкаланды.

Бирок Рамзан Кадыров кошумчалагандай, жакшы куралданган, гранатомету да бар согушкерлердин тобу учурда мектеп имаратынын ичине кирип алды.

Грозныйдын борборунда азыр контртеррористтик операция режими киргизилди.

Азыркы атышуулар - Грозныйда акыркы бир нече жыл ичиндеги эң ири кол салуу. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, атышуулар бир нече унаа менен келген куралчандар кечээ көзөмөл бекетте МАИнин кеминде үч кызматкерин өлтүргөндөн кийин башталган.

Орусиянын Түндүк Кавказында аракеттенген исламчыл согушкерлер колдонгон "Кавказ Центр" интернет сайтында жайгаштырылган видео кайрылууда сүйлөгөн адам ал кол салууну Аслан Буйтукаевдин буйругу менен жасаганын айтат. Аслан Буйтукаев өз жактоочулары арасында Эмир Хамзат деген ысым менен белгилүү. (UE)

XS
SM
MD
LG