Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Нью-Йорктогу демонстрацияга миңдеген киши чыкты


Нью-Йорктогу түнкү демонстрация. 3-декабрь, 2014-жыл.
Нью-Йорктогу түнкү демонстрация. 3-декабрь, 2014-жыл.

Шаардын бир нече бөлүгүндөгү демонстрациялар соттук чоң жюринин ындыкара кишинин өлүмү үчүн ак түстүү полициячыга айып таккыдай негиз жок деген чечиминен кийин өттү. Мындан бир апта мурда дал ушундай эле чечимден кийин Миссури штатынын Фергюсон шаарында тополоң чыгып, ал өлкө боюнча нааразылык акциясы менен коштолгон.

Президент Обама Вашингтондон Нью-Йорктогу демонстрацияларга тушташ сүйлөп жатып, буларга токтолду:

- Мен баары түшүнүп коюшун каалайм. Фергюсондон кийин биз бул аптада жумушчу топ түздүк. Ал мага тартип сактоо мекемелери менен түстүүлөр жамааттарынын мамилесин жакшыртуунун жолдору боюнча сунуштарды берет.

Нью-Йорктун Эрик Гарнер ысымдуу ындыкара тургуну полициянын колунан өлгөн окуя быйыл 17-июлда болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG