Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Орус президенти капиталга мунапыс жарыялоону сунуш кылды


Путин мындай сунушту бүгүн Кремлден жылдык кайрылуусу учурунда жасады:

- Орусияга кайткан капиталга толук мунапыс берүүнү сунуш кылам. Келгиле, муну азыр, бирок бир жолу жасайбыз. Орусияга келүүнү каалагандардын баары колдонушсун.

Орус президентинин ырастоосунда, мунапыстын алкагында акчасын легалдаштыргандардан анын булагы, кайдан келгени суралбайт.

Путин капиталга мунапыс менен катар салык мыйзамдарын өзгөртүүгө төрт жылдык мораторий киргизүү сунушун Батыштын санкцияларынан жана мунай арзандоосунан улам рублдин куну кетип турган кезде жасады.

Бирок Путиндин пикиринде, АКШ жана Еврошаркет Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциялар өлкөнү солкулдатпастан, тескерисинче орус экономикасын стимулдаштырды. (UE)

XS
SM
MD
LG