Шаарда жашагандар каттоодон чыгууда жана кыймылсыз мүлк сатып алууда мындан ары милдеттүү түрдө кыдырма барак толтурушу керек. Мындай чечим 4-декабрда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды. Мэриянын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова билдиргендей, бул демилге коммуналдык чыгымдарды төлөөдө жашоочулардын жоопкерчилигин арттыруу максатында кабыл алынды.
Тагыраак айтканда, каттоодон чыгууда же турак жай сатып алууда жарандар коммуналдык мекемелерге барып, кыдырма баракка “карызы жок” деген тастыктама жаздырышат. Бул ыкма шаарда 2006-жылга чейин колдонулган. (RsK)