Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Орусияга каршы санкциялардын таасири Айдаркен сымап комбинатына да тийди


Мындай маалыматты «Азаттыкка» Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында Өзбекстан өлкөнүн түштүгүнө газ берүүнү токтоткондон кийин комбинат иши токтоп, мазут менен продукция өндүрүүгө өткөн. Бирок быйылкы жыл аталган мекеме өндүрүшү 30 пайыздан ашыгырак кыскарып, өндүрүлгөн продукция сатылбай кала берүүдө.

Айдаркенден өндүрүлгөн сымап Орусияга жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сатылып турган. Акимдин айтымында, Украинадагы абалдан кийин киргизилген Орусия үчүн санкциялардын таасири сымап комбинатына да тийип, продукцияны сатууга тоскоолдук жаралган. (JsA)

XS
SM
MD
LG