Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Донбасста соңку суткада атышуудан үч жайкын тургун көз жумду


Украин аскерлеринин билдиргенине караганда, Донбасстагы атайын операция аймагында соңку суткада үч жайкын тургун каза болуп, дагы үчөө жараат алган.

Бул тууралуу украин атайын аскерий штабынын facebook баракчасында жарыяланган. Анда орусиячыл жикчилдер тарабынан 55 жолу аткылоо болуп, натыйжада Мариуполго жакын жердеги Чермалик айылынын үч тургуну каза болгону жазылган.

Жикчилдер Донецк аэропортун аткылоосун улантууда. Мурдараак алар эски терминал менен Пески айылын аткылоого алышкан. Бул тууралуу Украина аскерий операция штабынан билдирди.

Жеткиликтүү коргонуу шарты жок болгондуктан украин аскерлери эски терминалдан чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Эски терминал толугу менен кыйраган.

Өз кезегинде Украин аскерлери 31 жолу аткылоо жүргүзгөн.

4-декабрда Украин президенти Порошенко күч органдары менен жолугушуу учурунда башталышы 9-декабрга мерчемделген ок чыгарбоо күнүнө даярдык тууралуу талкуу өткөргөн.

БУУнун акыркы маалыматы боюнча Украинадагы конфликте каза болгондордун саны 4 миң 300гө жеткен, 10 миңге чукул адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG