АКШнын Ички коопсуздук департаментинин (Ички иштер министрлиги) интернеттеги баракчасында 1993-жылдан бери туулган өлкөсүн Кыргызстан деп көрсөткөндөрдөн туруктуу жашоочу макамын (green card) алгандар боюнча төмөнкү сандар келтирилет:
1993 – 124 | 2004 – 439 |
1994 - 226 | 2005 - 656 |
1995 – 209 | 2006 -- 785 |
1996 - 280 | 2007 – 597 |
1997 - 287 | 2008 - 632 |
1998 – 111 | 2009 - 574 |
1999 - 189 | 2010 - 507 |
2000 - 396 | 2011 - 542 |
2001 - 588 | 2012 - 648 |
2002 - 473 | 2013 - 652 |
2003 - 354 | |
Бардыгы (1993 -2013 –жылдар) | 9271 |
Ал эми туулган өлкөсүн Кыргызстан деп көрсөткөндөрдөн АКШнын жарандыгын алгандар (naturalization) боюнча Ички коопсуздук департаментинин интернет баракчасында төмөнкү маалыматтар жазылган:
1998 - 18 | 2006 - 246 |
1999 - 32 | 2007 - 331 |
2000 - 87 | 2008 - 361 |
2001 - 81 | 2009 - 338 |
2002 - 128 | 2010 - 380 |
2003 - 131 | 2011 - 440 |
2004 - 159 | 2012 - 420 |
2005 - 217 | 2013 - 395 |
Бардыгы (1998 -2013 –жылдар) | 3764 |
АКШда кыргызстандыктардын башын бириктирген кеминде төрт уюм түзүлгөн: Kyrgyz Club, Кыргыз – Америка альянсы (Kyrgyz American Alliance), Кыргыз-Америка ассоциациясы (Kyrgyz American association), "Кыргыз Салам" (Kyrgyz Salam).
Айбек Хакимов – Нью-Йорктогу Kyrgyz Club бирикмесинин жетекчиси. Ал АКШдагы кыргызстандыктар, алардын кызматы жана турмуш-тиричилигине байланыштуу суроолорго жооп берди.
“Азаттык”: АКШда канча кыргызстандык бар?
Хакимов: Бир ирет Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен сүйлөшкөн учурда мыйзамдуу (грин карта, АКШнын жарандыгы барлар) жана мыйзамсыз жүргөндөрдү кошкондо кыргызстандыктардын АКШдагы жалпы саны 20 миңге чейин жетерин айтышкан. Менин эсебимде, алардын үч миңдейи Нью-Йоркто, миңге жакыны Чикагодо жашайт.
Калгандары бүткүл АКШ боюнча тараган. Кыргызстандыктар көбүрөөк чогулган шаарлар: Филадельфия (Пенсильвания штаты), Синсинати (Огайо штаты), Вашингтон, Лос-Анжелес, Сан-Франциско (Калифорния). Ошондой эле аз сандагы кыргызстандыктарды АКШнын бардык штаттарынан жолуктурууга болот.
Kyrgyz Club бирикмесинин журтташтар менен иштөө тажрыйбасы көрсөткөндөй, алардын бир бөлүгү АКШга келген соң ирденгиче жердештери менен жолугууга ашыкпайт, буга убактысы, мүмкүнчүлүгү да жок. Биздин уюм Кыргызстандан чыккандардын баарын улутуна карабай бириктирүүгө умтулат. Иш-чараларыбызга кыргызстандык орустар, еврейлер, өзбектер катышып жүрүшөт. Биз буга кубанычтабыз.
“Азаттык”: Кыргызстандыктар көбүнесе кайсы чөйрөлөрдө иштешет?
Хакимов: Ушу тапта көбүнесе тейлөө, кызмат көрсөтүү тармагында, курулушта, кара күчтү талап кылган иштерде, такси, жүк ташуучу унаа айдагандар бир топ.
Кыргызстандыктар башкаларга салыштырганда АКШга келгенине аз эле болгондуктан алгачкы гана кадамдар жасалууда. Дароо эле кеңседе иштеген кызмат табуу мүмкүн эмес. Акырындык менен АКШда окуу жайларды, коллеждерди бүткөн жаштардын саны өсүүдө.
Саны аз болсо да ишкерлик менен алектенген, ресторан, курулуш, транспорт компаниясын ачкандар бар. Кеңседе иштеген “ак жакачандар” АКШдагы кыргызстандыктардын жалпы санынын болжол менен 5-10% түзөт. Менимче алдыдагы он жылда бул көрсөткүч эки эсеге өссө керек. Анткени АКШдагы биздин жаштарга мүнөздүү көрүнүш – билим алууга, жашоосун, ишин сапаттык жактан оңдоого умтулушат.
“Азаттык”: Кайсы жетишкендиктерди белгилей аласыз?
Хакимов: Бул эми салыштырмалуу маселе. АКШда орус тили колдонулган өлкөлөрдөн чыккандар саны үч миллионго жетерин эске алганда, 20 миң кыргызстандык кичинекей эле диаспора. Өзбекстандан чыккандар эле АКШда 300 миңдей.
Бизден он беш эсе көп. Аз болгондуктан жетишкендиктерибиз деле анчалык ири эмес. Спортто (мушкер - Урмат Рыскелдиев), музыкада (пианист - Азамат Сыдыков) өсүп келаткан балдар бар. АКШга келип өзүнчө бизнес уюштургандарды, абройлуу уинверситеттерди аяктап, ири компанияларда иштеп жаткан улан-кыздарыбыздын ийгилигин мен жетишкендик деп айта алам. Кыргызстандан чыккандардын АКШдагы ынтымагын да биздин жетишкендигибиз, өзгөчөлүгүбүз деп карасак болот.
“Азаттык”: Негизги көйгөйлөр кайсылар?
Хакимов: Легалдуу эместер көп жүргөн кезде документ жасоо чоң проблема болчу. Кыргызстандыктар азыр системаны, документ алуунун жолдорун билип калгандыктан, бул иш анчалык оор болбой калды. Документ проблемасы көбүнесе жаңы келгендерге тийиштүү. Алар турак жай, иш табуу, адаптациялануу жагынан да кыйналышат. Проблема каражат жетишпегенинен улам чыгат.
Менимче, АКШда ким кааласа, ал иш таба алат. Бирок көп иштөөгө туура келет. Иштегендердин акчасы бар, алар ошол каражаты менен калган проблемаларын жөндөй алышат. Орусиядагыдай болуп АКШнын бийликтери менен проблемабыз жок, бизге карата кандайдыр бир расизм бар болгонун, Борбор Азиядан болгонубуз үчүн ишке албай жеришкенин сезбейбиз.