Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Атамбаев БАЭ жетекчилиги менен кримтөбөлдөрдү экстрадициялоону сүйлөшөт


Бул тууралуу Бириккен араб эмирлигинде Кыргызстандын расмий делегациясы менен жүргөн кабарчыбыз Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, президент Атамбаев Дубай шаарында БАЭнин жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда аталган өлкөдө жүргөн криминалдык чөйрөнүн лөктөрүн экстрадициялоо маселесин көтөрүшү күтүлүүдө. ИИМдин маалыматы боюнча, эл аралык издөөдөгү крим төбөлдөрдүн бири Алманбет Анапияев учурда Дубай шаарында баш калкалайт.

Мындан сырткары жолугушууларда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык тууралуу жана курулуш тармагындагы биргелешкен долбоорлорго байланышкан келишимдерге кол коюлушу күтүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин араб өлкөлөрүнө сапары 2-декабрда башталган жана 8-декабрда аяктайт. Ал буга чейин Сауд Арабия королдугуна болду жана расмий сапар Катар мамлекетинде уланат. Өлкө башчысы Мекедеги сапар алкагында кичи ажылык зыяратын аткарууга жетишти. (UEz)

XS
SM
MD
LG