Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Amnesty International сириялык качкындарга жардам бербегендерге ачууланды


Amnesty International эл аралык уюмунун укук коргоочулары дүйнөлүк державаларды сириялык качкындарга жардам көрсөтүүдөн тайсалдап жатат деп күнөөлөдү.

Укук коргоочулар айрыкча Перс булуңундагы бай мамлекеттерди айыптап чыкты. Алар кашайып өзүлөрүнүн аймагына бир да сириялык качкындар лагерин орнотууга макул болбой койгонун белгилешет.

Учурда Сирия качкындарынын 95 пайызы кошуна беш өлкөнүн аймагында баш калкалоодо.

Буга чейин БУУнун Эл аралык азык-түлүк программасы каражаттын жетишсиздигинен улам Иордания, Ливан, Түркия, Ирак жана Египттеги 1 млн. 700 миң качкынга жардам көрсөтүү токтотулганын билдирген.

XS
SM
MD
LG