Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Олланд Астананын дүйнөдөгү “өзгөчө ролун” белгиледи


Орусия менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы чыңалган жагдайды жеңилдетүүдө Астананын ролу өзгөчө. Бул тууралуу Казакстанга расмий сапар менен келген Франциянын президенти Франсуа Олланд Назарбаев менен жолуккандан кийин билдирди.

Назарбаев өз кезегинде пресс-конференция өткөрүп, Орусия Европа менен диалогго келүүгө даяр экенин билдирди. Казак өлкө башчысы Орусияны эң бай жана эң чоң өлкө деп атап, Батыш менен Орусиянын санкция көйгөйлөрү көп кабаттуу экенин кошумчалады.

Назарбаевдин айтымында, санкциялардын айынан Орусия кирешелеринен куржалак калды. “Бирок, Орусияда газ, мунай жана калган бардык башка нерселер бар. Узак убакыттуу кризис болбойт жана кандай гана согуш болбосун тынчтык менен бүтөт” деп сөзүн жыйынтыктады Назарбаев.

Француз президенти Казакстанга эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасын кеңейтүүнү сүйлөшүү үчүн эки күнгө келген. Астанадагы жолугушуудан кийин президенттер Алматыга сапар тартышат.

XS
SM
MD
LG