Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

ЖК жыйынында үргүлөп отурган аткаминер түшүндүрмө берди


Бейшемби күнү Бажы биримдиги боюнча маселе талкууланып жатканда парламент жыйынында үргүлөп отурган аткаминердин видеосу интернетке тарап, социалдык тармактарда талкуу жараткан. Интернет колдонуучулар бийлик өкүлүн сындап чыгышкан болчу.

Видеодогу аткаминер, айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев ал күндөрү тумоолоп жатканына байланыштуу дары ичкенин, буга байланыштуу шайы ооп отурганын “Азаттыкка” билдирди:

- Министр жана башка орун басарлары Москвада иш сапарда болчу. Статс-катчыбыз көптөн бери ооруканада. Мен да ооруп аткам, бирок, башка жетекчи жоктугуна байланыштуу аргасыз иште болчумун – деди Керималиев.

Мындан мурдараак дагы Башкы прокуратуранын коллегиясында Базар-Коргон районунун прокурору уктап кетип, жыйындан чыгарылган. Эртеси баш прокурор Аида Салянова аны жумуштан бошоткон. Июль айында Ысык-Көл облусунун жыйынында бир катар аткаминерлер уктап жатканы тууралуу сүрөттөр интернетке тараган. Бул кабар премьер-министр Жоомарт Оторбаевге чейин жетип, жергиликтүү жетекчилер сынга кабылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG