Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Өмүралиев: Кыргыз-эмират кызматташтыгынын жаңы барагы ачылды


“Президент Алмазбек Атамбаевдин Араб Эмираттарына жасаган расмий сапары жемиштүү болду”, - деп билдирди Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыкка” курган маегинде.

Өмүралиевдин билдиришинче, 1996-жылы дипломатиялык кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөнү менен ал тиешелүү деңгээлде иш жүзүнө ашпай келаткан. Бул сапардын алкагында сегиз маанилүү келишимге кол коюлат. Алар инвестицияны коргоо, кош стандарттуу салыкты жоюу жана экономикалык кызматташтык боюнча келишимдер.

Укуктук жактан да келишим болот, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, Эмираттарда башкалкалап жүргөн ири кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүн экстрадициялоо келишимдери да болот. (JAk/TSh)

XS
SM
MD
LG