Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Йеменде америкалык журналист өлтүрүлдү


Америкалык журналистти "ал-Каиданын” барымтасынан бошотуу үчүн жасалган аракет эки адамдын өлүмү менен коштолду. Йеменде журналист менен кошо барымтада жаткан АКШнын дагы бир жараны набыт болду. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Чак Хейгел Кабулдагы иш сапары учурунда маалымдады.

Йемендеги "алкаидачылар” 4-декабрда видео таратып, анда Вашингтон алардын талаптарын аткарбаса, барымтада жаткан журналист Люк Сомерсти үч күндөн кийин өлтүрүшөрүн жарыялаган.

Люк Сомерс 2013-жылдын сентябрында Йемендин Сане шаарында согушкерлердин колуна түшкөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG