Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Кыргызстан менен БАЭ сегиз келишимге кол коёт


Бул тууралуу Кыргызстандын Араб Эмиратындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев билдирди. Ал кыргыз президентинин Араб Эмиратына болгон сапары майнаптуу болгонун белгилеп, бүгүн Эмираттын расмийлери менен кызматташуу маселеси талкууланган соң тараптар сегиз документке кол коюшарын айтты.

- Бул сапардын алкагында сегиз маанилүү келишимге кол коюлат. Анын ичинде инвестицияны коргоо, кош стандарттуу салыкты жоюу жана экономикалык кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюлат. Укуктук жактан да келишим болот, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, Эмираттарда башкалкалап жүргөн кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүн экстрадициялоо келишимдери да болот.

Өмуралиев кыргыз президентинин бул өлкөгө элчилик ачуу чечими кызматташтыкты күчөтүп, ири инвестиция тартууга шарт түзөөрүн кошумчалады. Президент Алмазбек Атамбаев ушул күндөрү Араб Эмираттарында жүрөт, ал расмий сапарын бүгүн түштөн кийин Катар мамлекетинде улантат. (JAk)

XS
SM
MD
LG