Тегеран соту Washington Post гезитинин кабарчысы Жейсон Резаианге расмий айып такты. Бирок редакция маалымдагандай, кабарчыга эмне күнөө коюлганын сот ачыктаган эмес.
Кош жарандуулугу бар Резаиандин теги ирандык, ошол эле кезде ал АКШнын жарандыгын алган. Ал аялы экөө ушул жылы 22-июлда Иранда кармалган. Кийин аялы үй камагына чыгарылган. Азыр кабарчы кайсы күнөөсү менен канча жылга кесилээри белгисиз бойдон калууда. (TSh)