Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:47

Мигранттардын медициналык камсыздандыруусу болуш керек


Орусияда кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, эми эмгек мигранттары сөзсүз түрдө медициналык камсыздандыруу полисин алышкерек. Бул шартты эске албаган мигранттар мыйзамдуу жумуштарда иштей албайт. Бул мыйзамга орус президенти Владимир Путин кол койгонун орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Орусиянын Эмгек министрлиги демилгечи болгон мыйзам мигранттарды мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Эмгек министрлиги учурда Орусияда 3,5 млн. чет элдик жаран иштеп жүргөнүн билдирүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG