Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Керри Иранда журналисттин айыпталышына кабатырлыгын билдирди


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри “Вашингтон пост” гезитинин кабарчысы жок жерден айыпталганына терең нааразычылыгын билдирди. Керри жекшембиде жасаган билдирүүсүндө журналистке адвокат алууга да уруксат берилбегенин белгилеп, бул эл аралык адам укугунун нормаларына туура келбейт деди. Керринин айтуусунда Washington Post гезитинин кабарчысы Жейсон Резаиан токтоосуз бошотулуп, акталууга тийиш.

6-декабрда Тегеран соту Washington Post гезитинин кабарчысы Жейсон Резаианге расмий айып такты. Бирок редакция маалымдагандай, кабарчыга эмне күнөө коюлганын сот ачыктаган эмес.

Кош жарандуулугу бар Резаиандин теги ирандык, ошол эле кезде ал АКШнын жарандыгын алган. Ал аялы экөө ушул жылы 22-июлда Иранда кармалган. Кийин аялы үй камагына чыгарылган. Азыр кабарчы кайсы күнөөсү менен канча жылга кесилээри белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG