Кечээ Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Катар мамлекетинин борбору Доха шаарына келген. Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сапар алкагында мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.
Расмий сапары учурунда Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби жана Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен да жолугушту.
Жолугушуу 7-декабрда болду. Ага Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр баш болгон Абу-Даби жана Дубай Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышты.
Мамлекет башчы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, маектештерин тоо-кен, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, транспорт жана туризм чөйрөлөрүндө инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга чакырды.
Өз кезегинде Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр Бириккен Араб Эмираттарынын бизнес-коомчулугунун атынан жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу тараптардын эки тараптуу кызматташтыкка кызыктар экендигин ырастаганын белгиледи. Дубай Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлеринин кызматташтыгын активдештирүүнүн маанисин баса белгилеп, тарыхта Кыргызстандан жогорку деңгээлде делегациянын биринчи жолку сапары соода-экономикалык тармакта кыргыз-эмираттык кызматташтыктын өнүгүүсүнө дем берээрине ишеним билдирди.
Мамлекет башчысы Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди, алардын айрымдары өз кезегинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу максатында Кыргызстанга бара турган ниетин билдиришти.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Арабиясы, Бириккен Араб эмираттары жана Катар мамлекетине расмий сапары 2-декабрда башталган.(ZKo)