Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Оторбаев милицияга ишкерлерди негизсиз текшерүүгө тыюу салды


Милиция кызматкерлери ишкер, соодагерлерди негизсиз текшерүүнү токтотсун. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевге ушундай буйрук бергенин бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Эгер атайын уруксат кагазы болбосо милиционерлер ишкерлерден патент, квитанция жана башка документтерди көрсөтүүсүн талап кылууга акысы жок.

Кыргызстанда ишкерлер түрдүү текшерүүчүлөрдүн айынан өнүгө албай жатканын, паракорлук гүлдөгөнүн жана криминалдан да жапа чегип келерин көп эле айтышат. (RK)

XS
SM
MD
LG