Бул тууралуу ушул тапта Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында жүргөн Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында бүгүн президенттин расмий сапарынын соңунда бир катар келишимдердин арасында Бишкек – Доха кызматташтыгы тууралуу да документке кол коюлат.
- Келишимдин негизинде тажрыйба алмашуу болот, Бишкек мэриясынын кызматкерлери Дохага келип булардын иштөө ыкмасын үйрөнөт, булар бизге барат. Маданий кызматташтыкты да арттырабыз, - деди Кулматов.
Учурда президент баштаган кыргыз делегациясы Катар мамлекетинде жүрөт. Сапар бүгүн аяктайт. (JAk)