Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Социал-демократтар Садыков боюнча чечимди өкмөт баасынан соң кабыл алат


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун маселесин өкмөттүн баасынан соң карайт. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөттүн юридикалык бөлүмү Садыковдун ишин териштирип жатат.

- Биз учурда юристтердин чечимин күтүп жатабыз. Эгер анын ишинде мыйзам бузуу болсо, тиешелүү чечим кабыл алынат, - деп билдирди Турсунбеков.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрүнө шилтеме берип, Садыковдун кызматтан кетери тууралуу жазып чыккан.

Башкы прокуратура билим жана илим министри Канат Садыков менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин ректору Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигин кароого чакырып, премьер-министрге кайрылуу жолдогон. Алар Славян университетине 24 абитуриентти мыйзам бузуу менен кабыл алуу тууралуу чечим чыгарган деп шектелүүдө.

Буга чейин бул иш боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге да кылмыш иш козголгон эле. Прокуратуранын жүйөсүндө депутат абитуриенттердин айрымдарынын ата-энесинен 14 миң доллар алуу менен министр жана окуу жай жетекчилигине аларды кабыл алуу боюнча кайрылуу жолдогон. (BkA)

XS
SM
MD
LG