Президент Алмазбек Атамбаевдин Катарга болгон сапары учурунда сегиз келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев Катардын эмири Тамим Бин Хамад аль-Тани менен жолукту. Жолугушуу жыйынтыгында инвестицияны коргоо, маданият, жаштар саясаты, туризм жаатында кызматташуу тууралуу келишимдерге жана эки өлкөнүн Соода-өндүрүштүк палаталары ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.(BkA)