Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:33

ЕБнын комиссарлары Анкарада расмий сапарда жүрөт


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини Анкарада сапарда жүрөт. Максат, маалымдалганга караганда, Түркияны “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары менен күрөштө тыкыс кызматташууга макулдатуу жана ЕБнын Орусияга каршы санкциясына каршы кадамдарды жасабаганга үгүттөө.

Федерика Могери 8-декабрда Анкарадагы маалымат жыйынында ЕБны газ менен камсыздоодо “Түштүк агымы” долбоору маанилүү экенине токтолду:

- Түркиянын ролун да биз кыскача талкууладык, бирок аны биздин болочоктогу жолугушуунун күн тартибиине киргиздик. “Түштүк коридору” башка жолдорду өнүктүрүүдөн башка да биздин энергия булактарыбызды ар түрдүү кылуу үчүн маанилүү. Бул Европа үчүн маанилүү. Түркия үчүн да маанилүү деп ойлойм.

Бул маалымат жыйынына ЕБнын коңшулар саясаты жана кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан, гумжардамдар боюнча комиссары Кристос Стилианидис жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавишоглу катышты.

8-9-декабрдагы визит учурунда ЕБнын комиссарлары Анкарадан чет элдик согушкерлерди Түркиянын ичинен Сирияга өткөрбөөнү да суранат.

1-декабрда президент Путин Евробиримдикке чыкчу “Түштүк агымы” газ долбоору токтотулуп, куур Түркияны көздөй тартыларын жарыялган.

XS
SM
MD
LG