Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Шинжаңдагы жардыруулардын уюштуруучулары соттолду


Кытайдын Шинжаң провинциясынын соту региондо кандуу эки чабуулду уюштурган топтун сегиз мүчөсүн өлүм жазасына тартты. Үрүмчүдө болгон сотто дагы беш адам да жогорку жазага тартылып, бирок алардын өкүмү эки жыл кийинге калтырылды. Башка төрт адам түрдүү мөөнөткө соттолду.

Майда Үрүмчүнүн базарында болгон чабуулда 39 киши өлгөн, 94 адам жарадар болгон. Апрелде шаардын темир жол вокзалындагы чабуул үч адамдын өмүрүн жалмап, 79 адам жабыркаган.

Абактагы таанымал уйгур профессор Илхам Тохтинин адвокаты 8-декабрда Ассошиэйтед пресс агенттигине Тохтинин жети студенти жикчил деп айыпталып, үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылганын айткан.

Профессор Тохти жикчилдикти ташбыйкаттайт деп, сентябрда өмүр бою соттолгон.

XS
SM
MD
LG