Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Мигранттар Орусияда патент менен гана иштей алышат


Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кабарлады. Ага ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тартып, эмгек мигранттары жумушка патент аркылуу гана орношо алышат. Патент квота менен чектелбейт. Анын баасы Москва жана Москва облусунда 4 миң рублдин тегереги болушу алдын ала айтылууда. Башка аймактарда баасы бөлөкчө болуусу ыктымал. Орусия тышкы иштер министрлиги ошондой эле орус чек арасын аттаган эмгек мигранты чек ара кагазын толтурууда “Орусияга келүү максатын” “иштөө” деп жазып, көрсөтүүгө тийиштигин жана 30 күндүк мөөнөт ичинде миграция кызматына патент берүү арызы менен кайрылуусу керектигин эскертүүдө. Эгерде миграциялык картасында “Орусияга келүү максаты” башкача жазылып турса, анда ал мигрантка патент берилбейт.

Кыргызстан 2015-жылдын 1-январынан тартып, Орусия, Казакстан, Беларус башын бириктирген Бажы биримдигине кошулат. Бирок азырынча кыргызстандык мигранттарга Орусияда иштөө кандай тартипте болору ачык айтыла элек.

1-январдан тартып мигранттар медициналык камсыздандыруусуз Орусияга киргизилбеси да айтылган. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн Орусияга ички паспорт менен кирүү укугу да алынды. Жаңы жылдан тарта кыргызстандыктар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алышат, бул эреже жашы 16га толо элек балдарга да тиешелүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG