Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Беларус Орусия менен чек арасындагы бажы көзөмөлүн жандандырды


Орусиянын федералдык бажы кызматынан ТАСС агенттигине маалымдашкандай, Беларуста чек арадагы бардык бажы текшеримдери кайрадан иштей баштады. Орусия тарапта андай нерсе жок.

Айрым маалымат каражаттары муну Беларус президенти Александр Лукашенконун Беларустан азык-түлүк киргизүүгө орустар тыюу салып койгонуна жообу катары санашууда.

Москва өткөн айда бир жагынан Минскини европадан тыюу салынган азыктарды реэкспорт кылып, Орусияга киргизип жатат деп айыптаган болсо, экинчи жагынан Беларустун тамак-аш продукцияларынын сапаты начарлаганын жүйө кылып, алардын киргизилишине да тыюу салган.

Бажы биримдигине киргенден кийин Беларус менен Орусиянын чек арасындагы бажы көзөмөлү алынган болчу.

XS
SM
MD
LG