Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, 8-декабрда базага Су-25 үлгүсүндөгү беш учак жөнөтүлдү. Борбордук аскер округунун командачысы Владимир Зарудницкий Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев менен жолугуп, базанын аймактык ролун жогорулатуу боюнча макулдашты.
Буга чейин Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын аскерий кубатын бекемдей турганы кабарланган болчу. Бул тууралуу орус коргоо министри Сергей Шойгуга шилтеме берип бир катар орусиялык мамлекеттик маалымат агенттиктери кабар тараткан.
Канттагы авиабаза Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна таандык болгону менен аны толугу бойдон Орусия иштетет. (BkA)