Өлкөнүн чыгышындагы урушту токтотууну максат кылган “Жымжырттык күнүн” сактап жатканын өкмөттүк күчтөр да, орусиячыл жикчилдер да билдирүүдө.
Армиянын басма сөз катчысынын айтымында, өкмөттүк күчтөр “согуштук аракеттердин баарын токтотту, бирок, “эгер жикчилер кол салса, жооп кайтарат”.
“Жымжырттык күнүн” толук сактоого даяр экенин Донецк жана Луганск облустарынын бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн орусиячыл жикчилдер да айтууда.
Украин президенти Петро Порошенко мурдараак азыркы тынчтык планды жарыялаган кезинде ал буга чейин жетишилген келишимдин алкагында жасалып жатканын белгилеген.
Украинанын расмий өкүлдөрүнүн жана жикчилердин лидерлеринин айтымында, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы апта соңунда өтүшү мүмкүн.
Сүйлөшүүлөр алдыдагы күндөрү болорун орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да билдирди.
Украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилер ок атышууну токтотуу келишимине быйыл 5-сентябрда Минскте кол коюшкан. Бирок анын утур-утур бузулушу үчүн тараптар бири-бирин айыптап келишти. (UE)